Апрель 2014-жыл
Менин атым Бернард (Дмитрий) Киффер.
Мен Франциянын жаранымын, жана азыркы учурда мен 2005-жылдын февралында Анкориджада, Аляска, АКШ баштаган адамдын булчуң күчүнүн эсебинен жүргөн жерди айлануучу экспедициянын жарымын басып өттүм. Мен учурда 15000 чакырымды басып өттүм: анын ичинен 6 кышта узактыгы 5000 чакырым аралыкты жөө бастым жана 3 жайда велосипед менен 10 000 чакырым өттүм.
Жолго чыккан учурдан баштап мен Алясканы кесип өттүм жана андан соң суу менен сүздүм, жөө бастым жана 2006-жылдын апрелинде Россиянын жээктеринде Беринг кысыгын лыжа менен басып өттүм. Андан кийин мен жолумду улантып жана лыжа менен түштүк-батыш багытында жүрүп Россиянын Магадан облусундагы Омсукчанга жеттим.
Ушул учурдан баштап мага менин жубайым – россиялык Гульнара Киффер кошулду, жана биз бирге велосипед менен Монголияны , ошондой эле Кытайды, Казакстанды басып өтүп, 2013-жылдын декабырь айында Бишкекке жеттик.
Кыргызстанда кыш айларын (2014-жылдын январь-март айлары) өткөрүп, 20-апрелде түштүк багытта веложүрүш баштоону пландадык жана 2014-жылдын 19-майында Бор-Дөбө – Кызыл-Арт ашуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын кесип өтүүнү пландап жатабыз.
Биз велосипед менен Кыргызстандын Бишкек, Сокулук, Беловодск, Кара-Балта, Өтмөк, Токтогул, Торкент, Кетмен-Тобе, Каракол, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Массы, Базар – Коргон, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Гүлчө, Сары-Таш шаарларын басып өтүп, соңунда Бор-Дөбө – Кызыл-Арт ашуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын кесип өтүүнү пландап жатабыз.
Маршруттун картасы:
№1-чи онлайн картасы
№2-чи онлайн картасы
Толукмакаланы орус тилинде бул шилтемеден көрүнүз:
Вечерний Бишкек – 7-март Жума, 2014
Сүрөттүн барагын караганга бул жерге баскыла